​Дарыгерлердин кайрылууларын кабыл алуу үчүн онлайн-ресурс ишке кирди

  • 4 года мурун

Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн колдоо үчүн онлайнресурс ишке кирди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, медиктер аталган портал аркылуу саламаттык сактоо мекемелерин жеке коргонуу каражаттары, медициналык жабдуулар жана дары-дармектер менен камсыз кылууга билдирме жөнөтүп, өткөрмө, тамак-аш, эмгек акы өңдүү жумушундагы көйгөйлөр тууралуу маалымат берип турушат.

http://med.tunduk.kg дареги боюнча жөнөтүлө турган ар бир билдирме өзүнчө каралат. Анда көрсөтүлгөн маселелерди чечүү мөөнөтүн ыкчам штаб аныктайт.

Кыргызстанда 20-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 14 учуру катталды. Бардыгы 568 болду.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 201 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты