​Польшадан келген дарыгерлер Бишкектен кийин Ош жана Жалал-Абадга барышат

  • 4 года мурун

Польшадан келген медициналык топ Бишкектеги республикалык клиникалык жугуштуу ооруканасында биздин врачтарга жардам берип, чогуу иш алып барышат. Андан кийин Ош жана Жалал-Абадга жөнөшөт.

Польшалык дарыгерлер тобу 24-апрелге чейин Бишкек шаарында болот. Андан кийин Ош жана Жалал-Абад ооруканаларында дарылоо процессине жардам беришет.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун бсары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйынында билдирди.

Ошондой эле Кытайдан да дарыгерлер келе жатканы маалым. Үсөнбаевдин айтымында, Кытайлык дарыгерлер кыргызстандык медицина кызматкерлеринин коронавирусту лабораториялык тастыктоо деңгээлин текшеришет.

Ошондой эле медицина кызматкерлерин даярдоо, окутуу процессине баалоо жүргүзүп, аралыктан окутууга киришет.

Кыргызстанда 20-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 14 учуру катталып,бардыгы 568 болду.

Кыргызстанда бир сутка ичинде жалпысынан 68 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 201ге жетти.

Жалпысынан республикада COVID-19дан 7 адам каза болду.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты