Коронавирус инфекциясын жуктурган дарыгерлердин саны 140ка жетти

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган.

Алардын ичинен: Жалал-Абад облусунда – 3, Ош шаарында – 1, Нарын облусунда – 1, Бишкек шаарында – 1 учур. Жалпысынан республика COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 140 учур катталды.

140 учурдун ичинен;

Дарыгерлер – 39;

Орто медкызматкерлер – 58;

Кичи медкызматкерлер – 23;

Башкалар – 20.

Алардын ичинен 10 ашыгы айыгып чыкты

Кыргызстанда бир сутка ичинде жалпысынан 68 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 201ге жетти.

Бир сутка ичинде коронавирустан 2 киши каза болуп калды. Чуй облусунан 70 жаштагы аял жана Ош шаарынан 79 жаштагы эркек.

Жалпысынан республикада COVID-19дан 7 адам каза болду.

Иллюстрациялык сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты