​Индонезия, Таиланд жана Вьетнамдан кайткан кыргызстандыктар обсервацияга алынды

  • 4 года мурун

Кыргызстандын 32 жараны Индонезия (Бали), Таиланд (Бангкок) жана Вьетнамдан (Ханой) 19-апрелде кайтып келип, обсервацияга жаткырылды.

Биздин жарандардын кайтып келиши «Бангкок — Денпасар-Ханой — Усть-Каменогорск» каттамы боюнча коммерциялык чартердик рейсти уюштурган Казакстан өкмөтүнүн жардамы менен жүргүзүлдү.

Учурда белгиленген тартипте келгендердин бардыгы медициналык мекемелеринин биринде байкоого (обсервацияга) алынды.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын, анын ичинде өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосу жана көмөгү менен кайтарып берүүнү уюштуруу боюнча иштер улантылууда.

Өкмөт чет мамлекеттердеги 4371 кыргызстандыкты алып келүү аракеттери жүрүп жатканын билдирген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Иллюстрацияоык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты