Польшадан медициналык кызматкерлер келди

  • 4 года мурун

Кыргызстанга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы боюнча Польшаданкурамында 8 медициналык кызматкер турган топ кечээ, 19-апрелде келди.

Польшалык медиктер атамекендик медициналык кызматкерлерге Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүшөт.

Эки өлкөнүн адистери аталган багытта топтолгон маалыматы менен бөлүшүп, тажрыйба алмашышат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

19-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы 48 учуру катталды. Бардыгы 554 учурга жетти.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө жалпы 133 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты