18 медицина кызматкери коронавирус жуктурду
- 4 года мурун
Кыргызстанда бир сутка ичинде, 19-апрелге карата 18 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды.
Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 4;
Нарын облусунда – 4;
Бишкек шаарында – 4;
Ош шаарында – 3;
Ош облусунда – 2;
Баткен облусунда – 1.
COVID 19 жуктурган медицина кызматкерлеринин катталган жалпы учуру- 134 түздү.
19-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы 48 учуру катталды. Бардыгы 554 учурга жетти.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө жалпы 133 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Муну бөлүшүү