Коронавирустан сакайгандардын саны 133кө жетти
- 4 года мурун
Республикада бир сутка ичинде коронавирустан жалпысынан 3 бейтап ооруканадан айыгып чыгарылды.
Алардын Бишкек шаарында – 2, Нарын облусу – 1 бейтап сакайып чыкты.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө жалпы 133 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
19-апрелге карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы 48 учуру катталды. Бардыгы 554 учурга жетти.
Сүрөт: Дарыгерлер. Республикалык штаб.
Муну бөлүшүү