​Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кыргызстанга ПЦР тест-система берди

  • 4 года мурун

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигине коронавирусту аныктоого 6720 иликтөөөгө жете турган 64 ПЦР тест-система берди.

ПЦР тест система КР саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам катары берилип жатат. Бул — ДССУ тарабынан берилген үчүнчү жардам. болуп эсептелет.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана жайылышына бөгөт коюу республикалык штабы билдирди.

Кыргызстанда 17-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды: Вируска чалдыккандардын саны 489га жетти.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты