​Бир суткада беш медицина кызматкери коронавирус жуктурду

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде, 16-апрелге карата, 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алгандыгын маалымат жыйынында саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинен Бишкек шаарында – 4, Нарын облусунда – 1.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 104 учур катталды.

Кыргызстанда 16-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 17 учуру катталып, бардыгы 466 болду.

16-мартка карата, бир сутка ичинде жалпысынан 13 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 91ге чамалады.

Сүрөт Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты