Акаев: “Оштогу дарыгерлер өкмөттүн 47 миң сомун ала элек”

Бүгүн, 14-апрелдеги, Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда депутат Жанарбек Акаев илдетке каршы күрөшүп жаткан дарыгерлерге сый акы качан берилерине кызыкты. Оштогу дарыгерлер өкмөт убадалаган 47 миң сомду ала электигин айтты.

“Мага кайрылып атышат, бүгүнкү күнгө чейин алыша элек экен. “Күн сайын банк карточкабызды карайбыз, жок” деп айтышты. Сиздер берилди деген маалымат берип жатасыздар”деди Акаев.

Ал эми саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов мындай деп жооп берди:

“43 уюм-мекемеден 828 кызматкерге 6 млн. 600 миң сом акчаны которгонбуз. Бүгүн, эртең баарына таратып бүтөбүз. Айрым эсептер так көрсөтүлбөй жана иштебеген адамдардын тизмеге кирип калгандыгына байланыштуу кайрадан каралып, март айыныкы бир аз кечеңдеп калды. Апрель айындагы сый акыларды таратууда мындай мүчүлүштүктөр болбойт деди.

Депутат Акаев министрди аймактарды кыдырууга үндөп, дарыгерлердин таламын талашууга чакырды.

“Сиз УКМКдан, укук коргоо органдарынан коркпой, дарыгерлерди коргоңуз. Маска сапатсыз деп койгону үчүн кечирим суратууга жол бербешиңиз керек” деди Акаев.

Муну менен катар депутат чет өлкөдө калган кыргызстандыктарды алып келүү ишине көңүл бурулбай жатканын белгилеп, экономикабыздын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан мигранттарыбызды Өкмөт ушундай учурда таштабашы керектигин кошумчалады.

Тармактык комитеттердин биргелешкен бүгүнкү жыйынында жазгы айдап себүү иштерине жана киргизилген өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаалга тиешелүү маселелер каралууда. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү катышууда.

Кыргызстанда 14-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 11 жаӊы учур катталып, бардыгы 430 га жетти. Анын ичинен 79у — медицина кызматкери.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты