​Белгилүү сүрөтчү Данакан Адашканова дүйнөдөн өттү

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери Данакан Адашканова 13-апрелде 69 жашында жүрөк оорусунан улам дүйнөдөн өттү.

Данакан Адашканова 1951-жылы Ош облусунун Сары-Камыш айылында туулган. Бишкектеги Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, кийин Ленинграддагы И. Репин атындагы живопись, скульптура жана архитектура институтун аяктаган. СССРдин Көркөм академиясындагы чыгармачыл өнөрканада билим алган.

Сүрөтчүнүн эмгектери Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде жана КМШ мамлекеттеринин музейлеринде коюлган.

Ошондой эле тарткан сүрөттөрү чет мамлекеттерде жеке коллекцияларда сакталып турат.

Данакан Адашканова «Руханият» эл аралык сыйлыгы жана эл аралык өнөр академиясынын «Наталия Сац» медалы менен сыйланган.

Данакан Адашканованын эмгектери анын экинчи өмүрү болуп жашап кала берет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты