​Дарыгерлер үчүн жеке коргоочу канча каражат запаста бар?

  • 4 года мурун

Бүгүнкү күндөгү жеке коргоочу каражаттар запасы тууралуу биринчи вице-премьер-минитср Кубатбек Боронов маалымат берди.

13-апрелге карата медицина кызматкерлери үчүн төмөнкүдөй жеке коргонуу каражаттары бар:

Бир жолку коргоочу костюм – 16 388 даана;

Көп жолку коргоочу костюм – 13 060;

Беткап – 792 836;

Көз айнек – 6 579;

Кол кап — 6 259 603”

Респиратор — 41 611 даана.

Республикалык штаб 50 жаңы тепловизор жана 100 портативдик термометр түрүндөгү гуманитардык жардам алды. Алар санитардык-карантиндик посттор боюнча бөлүштүрүлөт.

Ошондой эле саламаттык сактоо министрлиги 50 миң беткап жана көз айнектер менен жеке коргоочу каражаттардын комплектиси боюнча келишим маселесин иштеп чыгууда.

Алар Бишкекке келгенден кийин эле төлөмдөр жүргүзүлөт жанамедкызматкерлерге пайдаланууга берилет», — деп билдирди КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Өткөн сутка ичинде, 13-апрелге карата COVID-19 вирусун 16 медицина кызматкери жуктурган. COVID 19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79 болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты