Вирус жуктургандар менен байланышта болгондордун каякта жүргөнүн аныктаган программа ишке киргени чын

  • 4 года мурун

Фейсбук социалдык тармагында коронавирус менен байланышта болгон Кыргызстандын жарандары үчүн атайын тиркеме орнотулуп, алардын кайсыл жактарга чыкканын көрсөтүп турган маалыматтар көрүнүп турары тууралуу видео жүрөт.

Ал видеодо өзүн көрсөтпөгөн киши ал тиркеме программа кандай иштээрин көрсөтүп, Кант шаарындагы жарандын үй карантинин сактабай, көп жолу сыртка чыкканын айтып берип жатат.

Covid-19га каршы Республикалык штабдын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, коронавирус жуктурган жарандардын кайсыл жакта болуп жатканын көзөмөлдөө үчүн аларга тиркеме орнотулганы чын.

Бул система үй карантининде болууга милдеттүү болгон жарандарга мониторинг кылуу үчүн киргизилген.

«Атайын ресурс жана мобилдик тиркеме үй карантинине (инфекцияны жуктурган эмес) жайгаштырылган жактарга карата гана колдонулат. Тиркеме карантин мезгилинде тийиштүү милдеттенмеге кол койгон жарандын ыктыярдуу макулдугу менен гана телефонго орнотулат. Мобилдик тиркеменин иш алып баруусу адамдарга медициналык кызматкерлердин ден соолугунун абалы тууралуу маалымат берет. Ошондой эле, тиркеме бейтаптардын ден соолугунун абалына байкоо жүргүзүп, дарыгерлердин ишине жеңилдик берет. Үй карантиндеги адамдар шашылыш учурда жана ден соолугу начарлап кеткенде, шашылыш SOS белгидеги баскычын колдонууга мүмкүндүгү бар. Бул ресурс жана андагы маалыматтар конфиденциалдуу болуп, кызматтык колдонуу үчүн гана арналган. Мониторинг системасына маморгандар тарабынан ӨК жана ӨА режимдеринин кесепеттерин жоюу жана болтурбоого жооптуу деп белгиленген чектелүү гана адамдар кире алат» деп билдирет штабдын маалымат кызматы.

Ал эми бул конфиденциалдуу маалыматтардын социалдык тармактарга кантип тарап кеткени боюнча кызматтык териштирүү башталганын кабарлашты штабдан.

«Интернетте жайылып жаткан маалыматтар чагылдырылган видео тууралуу факт текшерүү жүргүзүү жана КР мыйзамдарына ылайык конфиденциалдуу маалыматтарды жайылтууга укуктук баа берүү үчүн тийиштүү органдарга жөнөтүлдү», — деп билдирди маалымат кызмат.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты