​Ташбоо Жумагуловдун ысымы эл арасында сакталып калат

  • 4 года мурун

Узакка созулган оорудан кийин коомдук ишмер, агартуучу, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон, «Даңк» медалынын ээси Ташбоо Жумагулов 70 жаш курагында дүйнө салды.

Ташбоо Жумагулов 1950-жылы 16-январда Таластын Жоон-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөндөн кийин партиялык, комсомолдук кызматтарда такшалып, Кыргыз ССР Министрлер Советинин аппаратында улук референти, Талас облустук маданият башкармалыгынын башчысы, Талас облусунун Манас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, Бишкек шаардык депутаттар кеңешинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, өкмөттүн алдындагы маданият боюнча мамлекеттик комиссиянын төрага орун басары, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы, Түркиядагы толук жана ыйгарымдуу элчи — жооптуу жетекчи кызматтарын аркалап, өзүнүн жогорку уюштуруучулук жөндөмүн, мекенчил сезимин, атуулдук жоопкерчилигин татыктуу көрсөтө алды.

Ташбоо Жумагулов Кыргыз Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын ишин башкарган жылдарда мамлекеттик тил саясатына жаңы дем берип, баркы көтөрүлүп, аны өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзгөн.

Улуттук тилдин проблемаларын көтөрүү жана жайылтуу менен мамлекеттик тилибиздин өнүгүүсүнө, коомдук турмушубузда кеңири кулач жайысууна өзгөчө салым кошту.

Мамлекеттик тилдин мыйзамдык базасын чыңдоого активдүү киришүү менен бир эле мезгилде, аны окуп-үйрөнүү үчүн шарт түзүп берүүгө чоң маани берип, иштиктүү аракеттерди жүргүздү.

Анын сунушу менен Кыргыз тилинин орфографиялык, түшүндүрмө сөздүктөрү чоң нускада басылып чыгып, Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин жаңы редакциясы бекитилген. Компьютерде, интернетте мамлекеттик тилди кеңири колдонуу саамалыктарын баштаган.

Ташбоо Жумагулов адамгерчилиги, кең пейилдиги, мекенчилдиги, чечкиндүүлүгү жана тубаса чечендиги менен айырмаланган ар тараптуу инсан катары замандаштарынын эсинде калды.

Жумагуловду акыркы сапарга узатып жатып, ысмы эл арасында түбөлүк сакталып каларына ишенебиз.

Президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер жана замандаштары маркумдун көңүл айтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты