​Дагы 12 медкызматкер коронавируска чалдыкты

Өткөн суткада, 12-апрелге карата, Кыргызстанда 12 медицина кызматкери COVID-19 вирусун жугузуп алганы тастыкталды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Инфекция жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 63 учур. Жаӊы учурлардын ичинен 1 медкызматкер Бишкек шаарында, 5 – Нарын облусунда, 6 – Ош шаарында.

Корнавируска медициналык кызматкерлери да чалдыгып жатканына карабастан, аларды жумушка кантип алып барышарын социалдык тармакта сындап жатышат.

Медицина кызматкерлерин жумушка унаага толтура салып баратканын «Фейсбук» баракчасында Елена Баялинова жазды.

«Иштеген түр көрсөтүү адаты өтпөйт. Таң эртең менен эле мындай жагымсыз көрүнүш. Медиктер мурункудай эле жумушка жете албай жатышат. Жаныңарда жанаша тургандарга жардам бергиле!» дейт Баялинова.

12-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 38 жаӊы учуру катталды. Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 377 ге жетти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты