Премьер-министр Абылгазиев үч күндүк карантинден кийин маскасы жок жыйын өткөрдү

  • 4 года мурун

КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 10-апрель күнү өкмөт мүчөлөрү менен жыйын өткөрүп, ишмердүүлүктү калыбына келтирүү маселесин талкуулады. Бул жыйындагы сүрөттөрдөн залда отурган 20га жакын өкмөт мүчөлөрү маскачан отурганын, бирок жалгыз гана Өкмөт башчы маскасыз отурганын көрүүгө болот.

Эске салсак, 5-апрель күнү Мухаммедкалый Абылгазиев менен өкмөттүн 12 мүчөсү Ош, Жалал-Абаддагы иш сапарга барып келгенден кийин вируска экспресс-тест тапшырганын, тобокелдикти азайтуу үчүн 3 күндүк карантинге алынганын Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлаган болчу.

4-апрель күнү Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарындагы санитардык-карантиндик постторду кабар алып келген.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, коронавирустун инкубациялык учуру 14 күн, айрым учурларда 20 күндөн ашуусу мүмкүн.

Социалдык тармактарда «өкмөт башчынын маскасы жок жыйын өткөрүп жатканы башка өкмөт мүчөлөрдү тобокелдикке салганы, социалдык жоопкерчиликтин жоктугу» деп талкууланууда.

Биз башка өлкөлөрдө мындай жыйындар кандай өтүп жатканына кызыгып көрдүк.

Бул шилтемеде Орусиянын Президенти Владимир Путин онлайн жыйын өткөрүп жатат.

Бул шилтемеден болсо Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди онлайн жыйын өткөрүп жатканын көрүүгө болот.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты