​Улуттук банк: Валюта рыногундагы абал туруктуу

  • 4 года мурун

Валюта рыногундагы бүгүнкү абал туруктуу, АКШ долларынын курсу (сомго карата) жыл башынан бери 11,92%га өстү.

Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүсүн болтурбоо үчүн улуттук банк жалпы суммасы 216,9 млн АКШ долларды сатуу боюнча 8 интервенция жүргүзгөн.

Улуттук банктын эл аралык резервдери 9-апрелге карата 2 млрд 368,8 млн АКШ долларын түзгүнү айтылды.

Ал эми .жуманын башталышынан АКШ долларынын сомго карата курсу арзандап, 78 сомго кайтып келди.

АКШ доллары -77,3, 77, 5 сом болууда, ал эми сатылышы 78-78,2 сомго сатылууда.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара — Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Коронавирус дүйнөнүн 185 өлкөсүн каптады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Cүрөттө: Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева. Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты