Жарандык көзөмөлдөө комитети өзгөчө кырдаал учурундагы дарыгерлерди коргоочу мыйзамды тез арада кабыл алууга чакырды

  • 4 года мурун

Жарандык көзөмөлдөө комитети өзгөчө кырдаал учурундагы медициналык кызматкерлерди коргоого алуучу мыйзамды кабыл алууга чакырды.

“Кыргыз Республикасы Президенттин, Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн аты менен парламенттин депутаттарына сунушталган, өзгөчө коркунучтуу инфекциялар шартында иштеген дарыгерлердин эмгек шарттарынын коопсуздугун камсыз кылган мыйзам долбоорлорун тез арада кабыл алышы керек. Ооруп калганда жана каза болгондо компенсация кепилдиктери каралышы керек”, — деп билдиришти комитеттен.

Азыркы оор абалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Парламентинин аял-депутаттар форуму көзкарандысыз юристтер менен биргеликте Кыргыз Республикасынын “Медициналык кызматкердин статусу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ”Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун иштеп чыккан.

Аталган мыйзам өзгөчө кырдаал абалында иштеген медицина кызматкерлеринин укуктарын, саламаттыкты сактоо уюмдарынын медициналык кызматкеринин өмүрүн жана ден-соолугун коопсуздандыруу кепилдигин белгилейт.

Комитет Жогорку Кеңешти бул мыйзамды тез арада кабыл алууга чакырат.

7-апрелде, Кыргызстанда коронавирустун жаңы 12 учуру катталды. Дарт жугузгандардын бардыгы 228 болду. Алардын 19 врачтар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты