Гүлнур Сатылганова онлайн-концерт койду (Видео)
- 5 лет мурун
- Видео
Эстрада ырчылары Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана “Тумар” радиосу менен бирге, өз үйлөрүндө онлайн – концерт бере башташты.
Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Бул жолу Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганова ырдады. Ал концерт кечээ, 2-апрелде өтүп, бир жарым саатка созулган.
Гүлнур Сатылганованын уулу Арназ да англис тилинде бир нече ыр ырдады.
Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.
Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!