​Ишкерлерге бир катар жеңилдиктер каралган мыйзам долбоору сунушталат

  • 4 года мурун

Пандемия жана өзгөчө абал шартында ишкерлердин субъектилеринин көптөгөн кайрылууларына байланыштуу, айрым мыйзам бир актыларына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамынын долбоору иштелип чыкты. Төмөнкүлөр сунушталат:

1) 2020-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин салык төлөөчүлөр банктын кепилдиги жок документтерди көргөзбөй бир жылдан ашык эмес мөөнөттө карыздын мөөнөтүн узартып төлөө же бөлүп төлөө боюнча арыз берүү;

2) салык декларациясынын 2019-жылдагы мөөнөтү жеке адам жана жеке ишкерлерге 2021- жылдын 1-апрелине чейин узартуу;

— жеке адам, зайым алган, зайым берген, мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлердин (FORM STI-155) салык декларациясын 2019-жылдан тартып 2021-жылдын 30-июнуна чейин узартуу;

— салык отчет, андан тышкары КР аймагына ЕАЭБден кирген импорттун кыйыр салык отчетун тапшыруу — 2020-жылдын 1-июлуна чейин узартуу;

3) 2020-жылдын 1-июлуна чейин, салык шарттарын аткарбаганга пеня жана салык санкция колдонулбоо;

4) 2020-жылдын 1-августуна чейин салык, ыктыярдуу патенттин баасын 100% арзандатуу;

5) КР аймагынын жашоочуларын жана ишкердиктин субъектин пандемия шартында ыкчам жооп кылууга, айтылган мыйзамдын долбоорунда КР Өкмөтүнүн укук мыйзамына төмөнкү чечимдерди кабыл алуу каралган:

а) салык карыздын суммасынын банктын кепилдиги жок мөөнөтүн узартып төлөө же мөөнөттү бөлүп төлөө;

б) КР мыйзамына ылайык, салыктын баасын өзгөртүү;

в) салык отчет, андан тышкары КР аймагына ЕАЭБден кирген импорттун кыйыр салык отчетун тапшыруу 2020-жылдын 1-июлуна чейин узартуу;

г) 2020-жылдын 1-июлуна чейин, салык шарттарын аткарбаганга пеня жана салык санкция колдонулбоо.

Бул тууралу коронавирустун алдын алуу жана жайылып кетүүсүн болтурбоо республикалык штабы билдирди.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

11-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты