Ооруканада коронавирустан 125 киши дарыланууда. 5 киши айыкты

  • 4 года мурун

Ноокаттан COVID-19 вирусунан каза болгон жарандын өлүм себебин патологоанатомиялык изилдөө үчүн сөөгү паталогоанатомго жөнөтүлдү, ал тийиштүү корутунду берет, -деди саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө оорулуу менен байланыш түзгөндөрдүн саны — 2283, эң жакындары менен — 1857, учактагылар — 426 киши.

Республика боюнча обсервацияда 1900 киши жатат.

Өлкө боюнча ооруканага жаткырылгандар – 125 киши. Оор абалда (реанимацияда) – 4, орточо оор абалда – 121 киши.

3-апрелде Кыргызстанда жалпы сутка ичинде 14 жаӊы учур аныкталды. Коронавируска чалдыккандардын саны 130 болду. Анын ичинен бирөө каза болду, бешөө айыкты.

Дүйнөдө 3-апрелде коронавируска чалдыккандардын саны миллиондон ашты.

Сүрөттө: Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов. Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты