​Куштарга көз салыңыз… терезеден

Бүгүн, 1-апрель –канаттуулардын эл аралык күнү.

«KG орнитология коому» (OSKG) коомдук бирикмеси кыргызстандыктарды канаттуулардын эл аралык күнү менен куттуктайт.

Кыргызстанда канаттуулардын 397 түрү бар, алардын көбүн OSKG бердвотчерлери жана өлкөнүн меймандары сүрөткө тарта алышкан.

«Куштардын турмушунан кызыктуу сюжеттерди издеп, өлкөбүздү кыдырып жүрүп, кичинекей канаттуулардын чоң көйгөйлөрүн көрдүм.

Канаттууларга адамдын иш-аракети кандай таасир тийгизерин көргөн сайын жүрөк ооруйт: өрт канаттуулардын уясын балапандары менен кошо жок кылууда, адамдардын караңгылыгы канаттуулардын кырылуусуна алып келүүдө, ал эми чарба иштери куш-канаттууларды жашоосуна бүлүк салууда.

Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген куштарга өзгөчө тынчсызданам. Күнүмдүк тиричилигибиздин айынан куштар жок болбошу үчүн колдон келгендин баарын жасоого тийишпиз. Адамдар менен канаттуулар гармонияда жашаган күн да келерине үмүт артам”, — деп, OSKG жети негиздөөчүсүнүн бири Ирина Романовская билдирди.

«Куштарга үйдөн чыкпай эле байкоо салып, сүрөткө тарта берсе болот. Болгону, терезенин аркы жагын байкап көрүңүз. Өзгөчө азыр, карантин маалында куштарды карап, байкоо жүргүзгүлө деп кеңеш берем» — деди «KG Орнитологиялык коому» (OSKG) коомдук бирикмеси төрайымы Нуржан Алымканова.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты