​Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан аял кармалды

  • 4 года мурун

Социалдык тармакта коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан 50 жаштагы аял кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Татьяна Шагеева аттуу жаран 29-мартта Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында 50дөй киши коронавируска шектелип, ооруканага жеткирилди деп, чындыкка жатпаган маалымат тараткан.

Ал Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгенде, жалган маалымат тараткандыгы үчүн кечирим сурады. Бул жоругу үчүн мыйзам чегинде жооп берет.

Улуттук коопсуздук комитети коронавирус тууралуу жалган маалымат таратуу фактыларын көзөмөлгө алаарын маалымдады. Жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жооп берет.

30-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 10 жаӊы учуру аныкталды.

Алар — Жалал-Абад облусунун Сузак районунан. Өлкө боюнча коронавирус жугузгандардын саны 94 болду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты