​Дүйнөдө 160 миңдей киши коронавирустан айыкты. Кыргызстанда үчөө сакайды

Дүйнөдө 30-мартка карата (20:56 жергиликтүү убакыт) 151 991 киши коронавирустан айыкты. Кыргызстанда, Жалал-Абад облусунан 30-мартта үч бейтап ооруканадан айыгып чыкты.

Коронавирустан айыкканардын саны боюнча Кытай -биринчи орунда. Анда 75 904 киши айыкты, экинчи орунда Испания- 14 709, үчүнчү орунда Италия -18 030 киши сакайды.

Ал эми онлайн-картадан белгилүү болгондой, 30-мартка карата дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны — 741 030 киши болду. Ооругандар АКШда көп -143 532 киши. Италияда -97 689, Испанияда-85 195 киши.

Ооругандардын көбү АКШда -143 532 киши, андан кийин Италия- 97 689, Испания-85 195.

Ал эми Россияда -1534, Казакстан -294, Өзбекстан-144, Кыргызстанда 94 учур катталды.

Коронавирустан 30-мартка карата дүйнөдө 34 018 киши каза тапты. Каза тапкандар Италияда көп-10 779, Испанияда 6 803, Кытайда -3186 киши.

Ооругандар АКШда көп -143 532 киши. Италияда -97 689, Испанияда-85 195 киши.

11-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты