Коронавирус жугузгандардын саны боюнча АКШ дүйнөдө биринчи орунга чыкты
- 5 лет мурун
Коронавирус инфекциясын жугузгандардын саны боюнча АКШ дүйнөдө биринчи орунга чыкты. 27-мартта АКШда бул дартка 85 653 киши чалдыкты.
Дүйнөдө 27-мартта (саат 9:55) коронавируска чалдыккан 531 860 учур катталды. Каза тапкандардын саны 24 057 ге жетти. Айыккандардын саны 122 203 болду.
Бул тууралуу окумуштуулардын онлайн-картасында көрсөтүлдү.
Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 24 057 жетти.
Каза тапкандардын саны боюнча Италия алдыга чыкты, каза тапкандар 8215 болду. Андан кийин Испания — 4365, Кытайда- 3169.
Айыккандардын саны боюнча Кытай алдыда-61 201 учур, андан кийин Иран -10 457, Францияда — 1696 учур.
Оорулуулардын санынын көбү АКШ алдыга чыкты -85 653, Кытайда — 81 782, Италияда -80 589, Испанияда – 57 786, Германияда – 43 938, Иранда — 29 566 ж.б. катталган.
Ошондой эле Россияда – 840, Казакстанда –113, Өзбекстанда – 75, Кыргызстанда – 44 учур аныкталды.
Коронавирус дүйнөнүн 175 өлкөсүн каптады.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.
Cүрөт: Интернет булактарынан.