​Көчөдөн үйгө келгенде гигиеналык кандай эрежени сактоо керек?

  • 4 года мурун

Коронавирустан сактануу үчүн көчөдөн үйгө келгенде эрежелерди сактоо керек.

  • Бут кийимди кире бериште чечүү жана калтыруу;
  • Кирдеген кол менен эч нерсени кармабоо;
  • Сырткы кийимди кире бериште калтыруу;
  • Эгерде сиз үй жаныбарыӊыз менен сейилдеп келсеӊиз, анын таманын да тазалаӊыз;
  • Ачкыч жана капчыкты өзүнчө текчеге же кутуга коюӊуз;
  • Душка түшүп же денеӊиздин ачык бөлүктөрүн жууӊуз;
  • Уюлдук телефонуӊузду жана көз айнегиӊизди курамында спирт бар каражат менен тазалап сүртүӊүз;
  • Кол кап менен беткапты кескилеп, капкагы менен жабыла турган кутуга ыргытыӊыз.

Бул эрежелерди маалымат жыйынында саламаттык сактоо министрлигинин башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

25-мартта саат 15:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 2 жаӊы учуру катталды. Бардыгы 44 болду.

24-мартта Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты