​Төрага Жумабеков сөзүнөн жаңылды (Видео)

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 24-мартта Жогорку Кеңештин чукул жыйынында сүйлөп жатып, катуу жаңылып алды.

“Келгиле, биз элден биринчи сураналычы. Азыркы абалдан чыгып кетиш үчүн бири-бирине каттамдарды токтотсун, бири-бирине кирип-чыкканды токтотсун, үйүндө отурсун, өзгөчө абалдын тартибине баш ийсин деп сураналычы, урматтуу депутаттар.

Калган нерсени өкмөт иштеп жатат. Кудай буюрса, биз чыгабыз. Азыркы эки жумалык-үч жумалык кризистен чыгып кетсек… Бул кризистен биз кантип чыгабыз, дүйнөлүк практикадан көрдүк, Кытай кандай жол менен чыкканын. колдонушубуз керек болуп жатат.

Азыр ар бир мүнөттө уттурсак, бир адам бир адамга жуктурса, утушубуз ушул болот” деп сөзүнөн жаңылды төрага Дастанбек Жумабеков.

24-мартта, Жогорку Кеңештин чукул жыйыны болуп, коронавирус абалын, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондорунда өзгөчө абалды киргизүү жарлыгын колдоду.

Коронавирустун жайылышына байланыштуу Президенттин жарлыгы менен Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты