Коммерциялык банк жана каржы-насыя уюмдар ишине убактылуу талап киргизилди
- 5 лет мурун
Ишкер чөйрө субъекттерин колдоо максатында Улуттук банктын токтому менен коммерциялык банктар жана банктык эмес каржы-насыялык уюмдардын ишмердүүлүгүнө убактылуу талаптар киргизилди.
Ал талаптар мындай:
- насыя келишимдеринин шарттарын кайра карап чыгууга байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү кошууга жана алууга тыюу салынат;
- насыялык келишимдерде каралган милдеттерди аткарбоодо айыптык санкцияларды, анын ичинде үстөк айыптарды (айып пул/пеня) салууга жана алууга тыюу салынат;
- берилген насыялардын төлөмдөрү боюнча, кеминде үч айга жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталат.
Ипотекалык насыялар боюнча маселе алдыда дагы каралат.
22-марттан тартып бир айга Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилген. Ага байланыштуу бир катар чектөөлөр киргизилген.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү