Баткенде вирус аныкталган аймакта дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, блокпосттор коюлду
- 5 лет мурун
Баткенде өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарды дезинфекциялоо иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу коронавируска каршы түзулгөн республикалык штабдан кабарлашты.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборлорунун кызматкерлери:
☑️ 230 мечитте жана 5 медреседе;
☑️ 13 мектепте, 7 орто жана жогорку окуу жайда, 17 мектепке чейинки мекемеде;
☑️ 81 коомдук тамактануу жайында;
☑️ 33 саламаттык сактоо мекемесинде;
☑️ 8 аскердик бөлүгүндө;
☑️ 5 ӨКМ бөлүмүндө;
☑️ 4 базарда дезинфекциялык иштерин аткарышты.
Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айыл аймактарында жарандардын турак үйлөрү да дезинфекцияланды.
Баткен облусунда 54 адам карантинге алынган, алардын 49у – кичи ажылыктан келгендер. Булардын ичинен 21 жаран изоляторго жайгаштырылды.
Бүгүнкү күнгө облустун аймагындагы саламаттык сактоо мекемелеринде 343 изолятор, 456 обсерватор даярдалган.
Коӊшу мамлекеттер менен чек аралаш аймактарына блок посттор коюлууда.