Абдыгулов: «Бүгүн долларды сатуу жана сатып алуу жагынан эч кандай көйгөй жок”

  • 4 года мурун

Кечээ доллардын курсу кескин көтөрүлүп кеткендигинин себебин 20-мартта Улуттук банк төрагасы Толкунбек Абдыгулов 20-мартта түшүндүрүп, бүгүн доллар курсу 73 сом экенин, ал да төмөндөшү күтүлөрүн билдирди.

“Доллардын кескин көтөрүлүп кетиши психологиялык факторго байланыштуу жана биздин экономика ЕЭБ экономикасы менен тыгыз байланышта болгондугунан улам” деп билдирди Улуттук банк төрагасы.

Анын айтымында, кечээ эл эмоцияга алдырып койду. Курсту калыбына келтириш үчүн интервенция жасалганын белгиледи.

“Бүгүн долларды сатуу жанасатып алуу жагынан эч кандай көйгөй жок” деди ал.

“Жакында баары ордуна келет, коммерциялык банк жана акча алмаштыруу жайларында доллардын курсунун чеги 73 сом болот, ал дагы ылдыйлашы күтүлөт” деди Улуттук банк төрагасы.

Валюта рыногунда долларга карата рублдин жана теңгенин курсу кескин төмөндөдү. Доллардын курсунун көтөрүлүшүнө нефтинин баасынын көтөрүлүшү жана коронавирус таасир берди деди ал.

Кечээ, 19-мартта, Кыргызстанда доллар жана евронун сатуу баасы кескин көтөрүлүп кеткен. Доллардын сатуу баасы 85 сомго, ал эми евро 92-94 сомго чыккан.

Улуттук банк 19-мартта интервенция жасап, 3,7 млн доллар сатты. Бул — 19-мартта валюта базарына чыгарылган акчанын суммасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты