​Шенген аймагына кирүүгө 30 күнгө тыюу салынды

  • 4 года мурун

Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери үчүнчү өлкө жарандарынын Шенген аймагына 30 күнгө киришине тыюу салууга макулдашты.

Бул тууралуу Германия канцлери Ангела Меркель билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Анын айтымында, Германия өз чек арасы аркылуу чет өлкөлүк жарандарды Евробиримдиктин аймагына өткөрүүнү токтотту. Чектөө жакында альянстан чыгып кеткен Британия жарандарына да тиешелүү.

Шенген аймагына кирүүгө тыюу салынарын бир күн мурун Франция президенти Эммануэль Макрон да кабарлаган.

Шенген аймагына ЕБнын көптөгөн өлкөлөрү, андан тышкары Швейцария, Норвегия, Исландия жана Лихтенштейн кирет. Бул өлкөлөр арасында чек ара көзөмөлү жок. Бирок учурда бир катар мамлекеттер чек араларын жабууга аргасыз болду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус инфекциясынын очогу Кытайдан Европага көчкөнүн маалымдаган. Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн ичинен Италияда 30 миң, Испанияда 10 миң, Германия жана Францияда да бир нече миң киши вирус жуктуруп алды. Инфекция ЕБга мүчө бардык өлкөлөргө тарады.

Меркель учурда Шенген аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарды мекенине кайтаруу боюнча Евробиримдик бирдиктүү эреже иштеп жатканын да белгиледи.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты