​Россиядан күйүүчү май, азык-түлүк мурдагыдай эле келип жатат

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен 16-мартта телефон аркылуу сүйлөшүүдө Россиядан импорттолуучу күйүүчү-май, азык-түлүк жана товарларды ташуу мурдагыдай тартипте жүзөгө ашырылып жатканы белгиленди.

Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу маселе, анын таркашына жол бербөө боюнча кабыл алынып жаткан чаралар талкууланды.

Дүйнөдө тарап жаткан коронавируска байланыштуу акыркы эки күндө Кыргызстандын базарларында азык-түлүк сатып алууну каалагандар көбөйгөн. Буга байланыштуу ун,кумшекер сыяктуу азык-түлүк кымбаттаганы байкалган. Кыргыз өкмөтү коронавирус илдетине байланышкан кырдаалды пайдаланып, кызыл кулактык кылып жаткандар жаза тартаарын эскерткен.

Сүрөт: КР өкмөтүнүн басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты