Түнкү клуб, кинотеатр, компьютердик клубдар убактылуу жабылат
- 4 года мурун
Коронавирустун алдын алуу боюнча штабдын жыйынында түнкү клуб, кинотеатр, компьютерлик клубдар убактылуу жабыла тургандыгы айтылды. Бул иш-чара вирустун алдын алуу максатында жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.
Бүгүнкү күнү Кыргызстанда медициналык көзөмөл астында 341 жаран — карантинде.
Дүйнөдө коронавирус жугузгандардын жалпы саны 169 385 киши болду, жалпысынан 6513 киши каза тапты. Коронавирус 117 өлкөдө катталды.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү