ИИМ: Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан 15 факты катталды

  • 4 года мурун

Ички иштер министрлиги коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан 15 учур катталганын билдирди.

15 фактынын арасындагы бир мисал: Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБ кызматкерлери коронавирус келгендиги, ызы-чуу болбош үчүн айтылбай жаткандыгы жөнүндө жалган маалыматты “Instagram” социалдык тармагы аркылуу тараткан аялдын тек-жайын тактады, ал Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылынын 27 жаштагы жашоочусу болуп чыккан.

Материалдар кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жазык кодексинин 344-беренеси (Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жаткандыгы маалымдалды.
Ички иштер министрлиги жалган маалымат таратуудан карманууга жана ызы-чуудан алыс болууга чакырат жана кылмыш жллпкерчилиигине тартылат.

Дүйнөдө коронавирус жугузгандардын жалпы саны 169 385 киши болду, жалпысынан 6513 киши каза тапты.

Кытайда 81 020 киши, Италияда 24 747, Иранда 13 938, Түштүк Кореяда 8162, Испанияда 7844 киши коронавирус жугузду. Россияда 63, Казакстанда 9, Өзбекстанда төрт учур катталды.

Коронавирус 117 өлкөдө катталды. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты