​Дүйнөдө коронавирус жугузгандардын саны 169 миң 385 кишиге жетти

  • 4 года мурун

Соңку 24 саатта дүйнөдө коронавирус жугузгандардын саны 10 982 ге жетти, 343 киши каза тапты.

Дүйнөдө коронавирус жугузгандардын жалпы саны 169 385 киши болду, жалпысынан 6513 киши каза тапты.

Бул тууралуу окумуштуулар иштеп чыккан онлайн-картада көрсөтүлгөн.

Кытайда 81 020 киши, Италияда 24 747, Иранда 13 938, Түштүк Кореяда 8162, Испанияда 7844 киши коронавирус жугузду. Россияда 63, Казакстанда 9, Өзбекстанда төрт учур катталды.

Коронавирус 117 өлкөдө катталды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Сүрөт: Кытайда. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты