Коронавирус пандемиясы качан токтойт?

  • 4 года мурун

Дүйнөнү аралаган COVID-19 коронавирус пандемиясына каршы тиешелүү катуу чаралар көрүлсө, ал 2020-жылдын июнь айынын соңунда токтоуш ыктымал. Бул туурасында China Press Кытайдын саламаттыкты сактоо маселеси боюнча мамлекеттик комитетинин атайын эксперттик комиссиясынын башчысы Чжунь Наньшанга шилтеме кылып билдирген.

«Божомолго караганда эпидемия бүт дүйнө боюнча июнь айына чейин тарайт. Коронавирус менен күрөшүүдө басым эми экспортко эмес, импортко каршы турууга жасалмакчы» деди башкы эпидемиолог маалымат жыйында.

Ал муну менен катар эле Кытайга келгендерде оору белгисиз өтүп жаткандыгын билдирген.

«Ооруп айыккандар арасында вирус экинчи ирет жуккандар бар, бирок алар боюнча көрсөткүч аз» деп кошумчалады ал.

11-марттын түнүндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус боюнча пандемия болгонун жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты