​ТИМ: “Кытайда кыргыз кыз балкондон жыгылып, ооруканада жатат. Коронавирус жугузган эмес”

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги белгилегендей, Кытайдын медициналык мекемелери берген маалыматка караганда, 6-мартта 09:20 да Иу шарынын медициналык мекемесинде Кыргызстандын жараны, 1996-жылы туулган З.А. бир катар жаракаты менен ооруканага жаткырылган.

Ал кытай врачтарынын көзөмөлүндө турат. Балкондон, экинчи кабаттан жыгылып кеткен, коронавируска чалдыккан эмес,- деп билдирди ТИМ маалымат департаменти.

Фейсбук баракчасында Ассоль Молдокматова Кытайдын Иу шаарында Айдай Закиралиева 2-кабаттан кокусунан жыгылып кетип, омурткасынын үч жеринен сындырып алганын жана операцияга тезинен кайрымдуулук каражатын чогултууну демилгеледи.

ТИМ элчилик кыздын дарылануусу жана дарыланууга керектүү каражатты табуу боюнча Кытайдын мамлекеттик жана жергиликтүү органдары менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын маалымдады.

Кайрымдуулук үчүн Айдайдын апасы Света Бакчиеванын «Элсом» мобилдик капчыгы жарыяланды: 0708821066.

Сүрөттө: Айдай Закиралиева. Социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты