Эпидемиологиялык кырдаал курч өлкөлөрдөн жашырынып келгендер жоопкерчиликке тартылат

  • 4 года мурун

Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова АКШ өкмөтүнүн жугуштуу оорудан сактануу каражаттарын кабыл алуу ишчарасынан кийин билдирди.

Вице-премьер-министрдин маалыматына караганда, эпидемиологиялык кырдаал курчуп турган өлкөлөрдөн келип, бирок анысын жашырып кирип кеткен жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат:

«Туура эмес маалымат берип, Италиядан Орусия же Казакстан аркылуу келип, бирок анысын жашырып, ички паспорт менен өлкөгө кирип кеткен жарандар катталган. Андай фактылар билинип калган учурда алар оңой эле табылат жана карантинге жаткырылат. Эгер билип туруп, атайын ошондой кадамга барса, кылмыш кодексинин 280-беренесине («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») ылайык жоопкерчиликке тартылат».

Алтынай Өмүрбекова жарандарды эң ириде өз өмүрүнө, андан кийин жакындарынын жана башкалардын өмүрүнө жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Cүрөт: Кыргызстан. Саламаттык сактоо министрлиги.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты