​ТИМ: Коронавирус чыккан «Grand Princess» лайнеринде эки кыргызстандык бар

  • 4 года мурун

Коронавирус чыккан «Grand Princess» лайнеринде эки кыргызстандык бар.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

АКШ, Канададагы Кыргызстандын элчилиги АКШнын компетенттүү органдарына, лайнердин ээлерине кат жиберип тактаганда, аталган лайнерде эки кыргызстандык бар деген маалымат келген.

Кыргызстандын АКШ жана Канадагы элчилиги лайнердеги кыргызстандык эки жаран менен байланышты. Алар лайнердин жүргүнчүлөрү, ден соолугу жакшы.

9-мартта лайнер Калифорниянын Окленд портуна токтоп, медициналык жардамга муктаждарды түшүрөт.

5-мартта лайнерден түшкөн эки жаран коронавируска чалдыкканы белгилүү болгон.

7-мартка карата короновирус жугузгандардын саны дүйнөдө 100 миң кишиден ашты. 3,4 миң киши каза болду. 55 миңден ашык киши айыкты.

Сүрөт: Иллюстрациялык сүрөт. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты