8-март кандай майрам? (Видео)
- 5 лет мурун
- Мультимедиа
Келгиле, майрамдын тарыхын эстейли.
- Клара Цеткин эл аралык айымдар күнүн жарыялоону, митинг жана жүрүштөрдө өз көйгөйлөрүн көтөрүп чыксын деген максатта сунуштаган.
- Бир катар өлкөлөрдө 8-март аялдар майрамы катары белгиленет.
- Ал көптөгөн өлкөдө тең укуктуулук жана эмансипация үчүн күрөштө тилектештик күнү катары пайда болгон.
- Бириккен Улуттар Уюму 1975-жылды эл аралык аялдар жылы деп жарыялаган жана эл аралык аялдар күнүн белгилей баштаган.
- 1977-жылы БУУнун башкы ассамблеясы ар бир мамлекет өз салттарына жараша жылдын бир күнүн айымдардын теңдик күнү деп жаряялоо туурасында мамлекеттерге сунштайт.
- 8-марттагы берилген белектер эң башкы нерсе эмес. Бул- ар бир аялдын укуктары үчүн күрөштө тилектештик билдирүү.
- Дүйнөдө жана биздин өлкөдө аялдар үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулукка кабылып келет.
- Көп учурларда зомбулук жазасыз калат.
- Зомбулук тууралуу билдирген аялдарды айыптаган учурлар да көп.
- БУУнун маалыматы боюнча кризис борборлордо жылына үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен 8000 аялдын арызы катталат.
- Региондордо аялдардын 60 % ын ала качышат. Адатта мындай түгөйлөр каттоодон өткөрүлбөйт.
- Бийликтеги аялдардын саны да жакшырууга муктаж.
- Жогорку Кеңеште аялдар 19 % , ал эми ар бир бешинчи айылдык кеңеште аял депутаттар жок.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!