​Тажикстанда базарда азык-түлүк дээрлик эки эсе кымбаттады

  • 4 года мурун

Тажикстан базарларында эки күндөн бери коронавируска байланыштуу айың кептерден улам базарларда болуп көрбөгөндөй дүрбөлөң өкүм сүрүүдө. Эң керектүү азыктүлүктөргө сурооталап жогорулагандыктан, баа дээрлик эки эсеге кымбаттады.

Бейшемби күнү эртең менен соода түйүндөрүндө ун жана башка азык-түлүктөргө кезекке турган учурлар катталды. Түртүшкөн элдин көптүгүнөн милиция кызматкерлери коомдук коопсуздук чараларын күчөттү.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Шодихон Жамшед 5-мартта материалдык резервде эки жылга жеткендей азык-түлүк запасы бар экенин маалымдаган.

Бул арада Тажикстан Ислам борборунун уламалар кеңеши жаназадан башка учурда жапырт намаз окууну токтото туруу боюнча кайрылуу жасады. Өлкөдө Нооруз майрамына карата өтө турган салттуу жүрүштөргө тыюу салынды.

Тажикстандык журналист Азиз Накибзоддун пикиринде, дал ушул бийликтин кескин чаралары калк арасындагы дүрбөлөңгө себеп болду.

– Мечиттерде намаз окууга тыюу салынгандан кийин эле көйгөй башталды деп эл ойлонуп калды, – деди ал.

Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги Тажикстанда коронавирус инфекциясы катталбаганын билдирүүдө.

Соңку маалымат боюнча Кытайдан тышкары 70 өлкөдө катталган коронавирус дээрлик 80 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 3 миңден ашуун адам каза болду, 52 миңдейи айыгып чыкты.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: «Радио Озоди».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты