Президент сот кызматкерлерин куттуктады
- 5 лет мурун
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-мартта, сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
«Өлкөбүздө жүрүп жаткан соттук-укуктук реформалардын максаты — жарандарыбыздын укуктарын натыйжалуу коргой ала турган, мыйзамдуулукту бекем сактаган, адилет, көз карандысыз соттук корпусту түзүү».
«Бул реформанын ийгилиги — элибиздин ишенимине арзыган, адамдардын укуктарынын сакталышын кынтыксыз камсыздаган акыркы инстанцияны калыптандыруу жана коомдун талаптарына жооп берген, улуттук кызыкчылыктарды коргоого жөндөмдүү сот системасын орнотуу менен өлчөнөт» деп айтылат куттуктоодо.
Муну бөлүшүү