​Ашхабадда массалык иш-чаралар токтоп, спорттук жайлар жабылууда

  • 4 года мурун

Ашхабадда коронавируска байланыштуу үлпөт тойлор, массалык ишчаралар токтоп, көңүл ачуу жана спорттук жайлар жабылууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Мындан тышкары баш калаадагы мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин дене табы текшерилип, окуучулар вируска каршы каражаттарды колдонууга милдеттендирилип жатат. Ошол эле маалда адамдардын көчөдө медициналык беткап тагынып жүрүүсүнө тыюу салынууда.

Маалыматка караганда, коронавирус жуктурган деп шек саналган жарандардын бардыгы жугуштуу ооруларды дарылоо жана алдын алуу борборуна жөнөтүлүүдө.

Азырынча аталган жайда карантинде кармалып турган адамдардын саны боюнча так маалымат жок. «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарына таянып, карантинде 50дөн ашык адам бар экенин билдирүүдө.

Түркмөнстандын бийлиги 25-февралда коронавирус тууралуу алгачкы жолу айтып, өлкөдө бул вирусту жуктургандар жок экенин билдирген. Ага чейин мамлекеттик ЖМКлар бул темага кайрылбай, коронавирустун дүйнөдө жайылып жаткандыгы тууралуу маалымат бербей келишкен.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Сүрөт: azathabar.com

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты