​Ата Мекендик согуш ардагерлерине бир жолу 75 миң сомдон бөлүнөт

  • 4 года мурун

Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку төлөмдөр жөнүндө жарлыкка кол койду. Ага ылайык согуш арлагерлерине бир жолку сый акы катары 75 миң сомдон төлөнөт.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

2020-жылдын 4-мартына карата маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасында Улуу Ата Мекендик согуштун 251 ардагери жашайт.

Алардын ичинен: 65 — Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;153 — согуштун катышуучулары; 15 — экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары түзгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында жашы жетелек кезинде туткун болгон адамдар;18 — 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейин курчоодо калган Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы менен сыйланган, ошондой эле «Курчоодогу Ленинград тургуну» белгиси менен сыйланган адамдар.

Жогоруда айтылган ар бир ардагерге бир жолку төлөнүүчү акчалай жөлөкпул катары 75 миң сомдон бөлүнөт.

2010-жылдын 1-январынан тартып Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация берилип келет. Жеңилдиктердин ордуна берилген акчалай компенсациянын көлөмү — айына 7000 сом.

Ошондой эле 2010-жылдын 1-январынан тартып, Ата Мекендик согуштун ардагерлерине президенттик өмүр бою берилчү стипендиясы төлөнөт. Стипендиянын көлөмү айына 10  миң сомду түзөт.

Согуш ардагерлери жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация жана президенттик стипендиядан сырткары ай сайын пенсия алышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты