​1 млн беткапты мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылышкан

  • 4 года мурун

Кыргызстандан аткезчилик жол менен 1 миллион даана медициналык беткапты чыгарып кетүүгө аракет кылышкан.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын 28-февралдагы жыйынында айтылды.

Штабдын жетекчисинин орун басары, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын билдиргенине караганда азыр бул ишти финполиция териштирип жатат.

Кыргызстанда медициналык масканы киргизүүгө тыюу салынган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус эпидемиясынын коркунуч деңгээлин «эң жогоркуга» чейин көтөргөн. Бул Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун градациясында эң жогорку деңгээл.

Ошол эле учурда вирустун жайылтуу жолдорун жабуу аркылуу эпидемияны токтотууга болорун белгилейт.

Коронавирустун алдын-алуу боюнча Кыргызстанда ыкчам штаб түзүлгөн.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы Кытайдан келген эт жана эт азыктарына убактылуу чектөө киргизди

Бишкек жана Ош аэропортторунда тепловизорлор коюлуп иштеп жатат. Бардыгы 13 тепловизор бар.

22 санитардык-өткөрмө пункту такталган. 17 эпидемиолог иш алып барууда. Кыргызстанда эки вирусологиялык лаборотория бар, Үлгүнү чет өлкөлүк лабораторияга берүүгө мүмкүнчүлүк бар. Дары-дармек, беткап, шприц бар. 3,5 млн беткап бар. 500 медициналык кызматкер окуудан өткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты