Кыргызстандыктар бул жылы грин-картка катышат

  • 4 года мурун

Кыргызстандын жарандары 2020-жылы күзүндө өтө турган кезектеги АКШнын гринкарт (Green card) лотереясына катыша алат. Бул тууралуу Кыргызстандагы АКШнын элчилиги «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Лотереяга катышуу үчүн коюлган талаптар так аткарылышы керек.

Бирок грин-карт утуп алгандар АКШга кандай жол-жобо менен кире турганы так жазылган эмес.

31-январда АКШ президенти Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык жана грин-карта менен виза алууга чектөө киргизген.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу мунун себебин Кыргызстан электрондук биометрикалык паспорт бербегени менен түшүндүргөн.

Кыргызстанда биометрикалык паспорт даярдоо боюнча 2018-жылы тендер өткөрүлгөн. Тендер чыр менен коштолуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилерине иш козголгон. Мекеме заманбап паспорт 2021-жылдан тарта бериле баштарын билдирди.

Грин картты кантип толтуруу керек, бул шилтемеден таанышыңыз:

Сүрөт: Shuttarstock.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты