​Венгрияга окууга талапкерлер тандалды

  • 4 года мурун

Венгрияга окууга талапкерлер тандалды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

19-20-февралда Президенттин алдындагы башкаруу академиясында магистратура жана докторантура программалары боюнча Венгриянын жогорку окуу жайларына тапшыруучулар үчүн аңгемелешүү (болжолдуу тандоо) болуп өттү.

Алдын ала тандоого жалпы 126 талапкер катышты, 12 адам аңгемелешүүгө келген жок.

Конкурстук тандоону өткөрү үчүн курамы беш адамдан турган уюштуруу комиссиясы түзүлдү.

Алдын ала тандоонун жыйынтыгы менен чыгарылган жалпы рейтингдеги алгачкы 30 талапкер негизги тизмеде сунушталат, андан кийинки 12 киши резервге кошулат.

Докторантура программасы боюнча 15 талапкер негизги тизмеде сунушталат.

Кыргызстандыктар үчүн Венгрия өкмөтүнүн Stipendium Hungaricum Scholarship Program программасы аркылуу 2020-2021-окуу жылына карата 75 гранттык орун бөлгөн (бакалавриат жана магистратура — 60, ал эми докторантурага 15 орун).17-18-февраль күндөрү бакалавриат программасына талапкерлерге компьютердик тестирлөө өткөрүлгөн.

Сүрөт: Венгрия. Будапешт. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты