​Жапырт каттоо: «Укмуштуудай тапкычтык»

Жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо алдындагы добушка ээ болуу аракети менен ойлонуп табылган жарандарды шайлоо болор аймакка жапырт каттоо амалынын укмуштуудай «тапкычтыгы» ачыкка чыга баштады.

Баш прокуратуранын билдирүүсү боюнча, Ош шаарында бир үйгө 700 жаран, дагы бир үйгө миңден ашуун жаран каттоого тургузулган.

Бирок ал даректерде эч ким жашабай турганы белгилүү болду.

Ошондой эле бир үйгө 900 киши каттоого тургузулса, бул тууралуу үйдүн ээси билген эмес.

Каракол шаарында каттоо кызматынын паспорт жана регистрация бөлүмү 100 кишини окуу жайларынын биринин турак жайга тиешеси жок жеринде каттаган.

Каттоо кызматынын айрым кызматкерлеринин бул иши кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси, кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренесине туура келет. Бул фактылар сотко чейинки өндүрүшкө алынып, кызмат абалынан пайдалалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Баш прокуратуранын билдирүүсү боюнча 2020-жылдын январь-февраль айларында Ош шаарында 35 985, Каракол шаарында 3159 жаран каттоого турган.

12-апрелде 30 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт (алардын ичинен — 25 айылдык кеңеш жана 5 шаар: Ош, Каракол. Балыкчы, Токмок, Майлуу-Суу).

Сүрөт: Ачык шайлоо kg фб баракчасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты