Жапырт каттоо: Жаңы катталгандар кайда кетти?

12-апрелде 30 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт (алардын ичинен — 25 айылдык кеңеш жана 5 шаар: Ош, Каракол. Балыкчы, Токмок, Майлуу-Суу). Жогорку Кеңешке шайлоого (4-октябрь) жете электе, жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында «жаңы ыкма» чыга келди. Бул — шайлоочуларды шайлоо боло турган аймактарга жапырт каттоо амалы.

“Атайын жасалган схема”

Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахап Нурбаев парламент трибунасында Ошто бир үйгө 400-500 төн киши катталып жаткандыгына таң калса, текшере келгенде, андан эки эседен ашык, бир үйгө 1300 гө чейин киши катталганы маалым болду.

Каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов мисал тарткан жыл башынан бери жаңы каттоого алынган жарандардын саны боюнча маалыматты карап көрсөк:

2020-жылдын 1-январынан 12-февралга чейин: Каракол шаарында — 2798 жаран; Балыкчыда – 489; Майлы-Сууда — 207; Токмокто – 6950; Ош шаарында 33 805 жаран жаңы каттоодон өткөн.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Жогорку Кенештин 13-февралдагы жыйынында “Шайлоо өтө турган шаарларда каттоого тургандар маселесине анализ керек” деп сыпайы билдирди.

— Беш шаарда — Ош, Токмок, Балыкчы, Майлы-Суу, Каракол шаарларында каттоого туруп жаткандар тууралуу маалыматтарды алуу, алардын канчасы 18ге толгон, кайсы жарандар документтерин тактап жатат, бир адреске бир нече жарандардын катталышы боюнча анализ жүргүзүлүшү керек.

2017-жылдагы президенттик шайлоодо 300 миңден ашык жаран толукталды. Биометрикалык паспорт берилүүдө. Бул да негизги себептер болду. Жалпы калкты каттоого байланыштуу да өзгөрүүлөр болуп жатат, — деген пикирин айткан.

Жаңы чыккан жапырт жана кат-кат каттоону кимдер ойлоп тапты экен дейсиң. Жанар Акаев мунун себебин партиялардан, саясий лидерлерден көрөт.

— Менин шаар бийлигине, күч органдарына дооматым жок. Бирок муну жасап жаткандар — партиялар, саясий лидерлер, — деди депутат Акаев.

Ал эми депутат Кенжебек Бокоев жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында «Жарандарды башка шаарларга каттоого тургузуу — атайын жасалып жаткан схема» деп атады.

Жаңы катталгандар каякка жоголду?

«Шайлоочулардын саны боюнча маалымат БШК сайтына илиниш керек болчу. Убагында тизме илинген жок. Мыйзам нормасы бузулду» деп депутат Кенжебек Бокоев билдирген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мыйзам бузулганын моюнга алып, кечигүүнү каттоо кызматынын тактоо иштерине шылтады.

Боршайком шайлоочулардын тизмеси тууралуу Жогорку Кеңештеги эскертүүдөн кийин тизмени сайтка жайгаштырды.

Тизмеден кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматованын айтымында, суроолор дагы көбөйдү. Бир эле мисал алалы:

1) 2020-жылдын 9-январында Ош шаарындагы шайлоочуларын саны — 140 495 киши;

2) Мамкаттоо кызматынын маалыматы боюнча, 1-январдан 11- февралга чейин Ош шаарында 33805 киши жаңы каттоого турган;

3) Азыр БШКнын порталында Ош шаарынын шайлоочуларынын саны — 139 169 киши.

Демек, 9-январдан 14-февралга чейин Ош шаарында шайлоочулардын саны 1327 адамга азайган деген маалымат менен бөлүшүп, Атыр Абдрахматова «Анда жаңы катталгандар кайда жоголду?» деп суроо салат.

Мамкаттоо кызматы жаңы каттоого тургандардын арасынан: 8210 жарандын биометрикалык жаңы паспорту бар, алардын каттоосу чипте көрсөтүлөт. 28 574 шайлооочу — эски паспорт менен жаңы каттоого туруп, паспортун алмаштырбай, шайлоочулар тизмесине киргизилген эмес деп жооп берди.

Кылмыш иши козголду

Баш прокуратура Ошто жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго жакын жарандарды жапырт каттоого алуу көрүнүштөрү боюнча кылмыш ишин козгоду.

Мамлекеттик каттоо кызматы Ош, Токмок жана Каракол шаарларынын паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызматтарынан убактылуу четтетти.

Алардын кызматтан убактылуу четтетилишинин себеби жарандарды жапырт каттоонун көбөйгөндүгү жана кызматтык териштирүү жүрүп жаткандыгына байланыштуу экени маалымдалды.

Жергиликтүү жана Жогорку Кеңештерге шайлоолор алдында мына ушундай фактылар кездешип жатат.

Сүрөттө: Токмок шаарында жапырт каттоого туруу көрүнүшү. «Ачык шайлоо kg» фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты