​Түркмөнстанда мугалимдер жашыл түстөгү калемсап колдонууга милдеттендирилди

  • 4 года мурун

Түркмөнстанда мектеп мугалимдеринен жашыл түстөгү окшош калемсап жана блокнот колдонуу талап кылынууда.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди.

— Бир катар мектептердин мугалимдеринен түркмөн шырдагынын оймо-чиймеси түшүрүлгөн жашыл түстөгү беш калемсап жана блокнот сатып алуу талап кылынууда. Мындай калемсаптардын ар бири 45 манаттан, блокнот 50 манаттан сатылат, — деп билдирди кабарчы. Түркмөнстанда расмий курска ылайык, 3,5 манат 1 АКШ долларына барабар.

Буга чейин Түркмөнстанда эркек мугалимдер окшош такыя, аялдар улуттук көйнөктөрдү кийип жүрүүгө милдеттендирилген.

Ошондой эле 40 жаштан өткөн эркек кишилерге чачын боёого тыюу салынган. Анын себеби Президент Гурбангулы Бердымухамедов чачын боёбой калган.

Өткөн жумада мамлекеттик телеканалдар өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун парламент депутаттары менен болгон жолугушуусун көрсөтүшкөн. Видеодон залда отурган аткаминерлердин жашыл түстөгү калемсап менен жашыл блокнотторго жазып отурушканын байкоого болот.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: Altyn Asyr tw (video grab).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты